Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Ооганстандагы чабуул алты аскердин өмүрүн алды


Ооганстандын Балх провинциясы, 16-декабрь 2019-жыл.
Ооганстандын Балх провинциясы, 16-декабрь 2019-жыл.

Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясында аскердик бөлүктү бутага алган жанкечти чабуулунан кеминде алты жоокер мерт болду. Коргоо министрлиги 26-декабрда таң эрте болгон кол салууну "теракт" деп атады.

Маалыматка ылайык, жанкечти жарылуучу заттар шыкалган автоунааны аскердик бөлүктүн жанында жардыргандан кийин куралчан согушкерлер имаратка чабуул коюшкан. Жардыруу жана атышуудан кеминде үч аскер жараат алды.

Балх провинциясынын губернаторунун басма сөз өкүлү Мунир Фархан согушкерлер менен ооган коопсуздук күчтөрүнүн атышуусу бир нече саатка созулганын, акыры жоочулар артка чегинүүгө аргасыз болгонун айтты.

Кол салуу боюнча азырынча эч бир тарап жоопкерчиликти мойнуна ала элек. Бирок ооган бийлиги "Талибан" кыймылын айыптап жатат. Эки күн мурда эле талибдер Балхтагы дагы бир текшерүү пунктуна чабуул коюп, андан жети аскердин өмүрү кыйылган болчу.

XS
SM
MD
LG