“Азаттык” радиосунун кабарчылары өкмөттүн сыйлыгына татыды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сыйлыктарды 26-декабрда Өкмөт үйүндө тапшырды.
Радионун кызматкери Рахат Кеңешовага “мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгегин баалоо иретинде” өкмөттүн Ардак грамотасы жана төш белгиси тапшырылды.
Иликтөөчү журналист Кубанычбек Жолдошевге ишиндеги жетишкендиктер үчүн өкмөттүн энчилүү сааты ыйгарылды.
Жалпысынан өкмөттүн сыйлыктары маалымдоо каражаттарынын отузга жакын өкүлүнө тапшырылды.
Өз сөзүндө өкмөт башчысы сөз эркиндиги Кыргызстандын маанилүү жетишкендиктеринин бири экенин белгилеп, кыргыз журналистикасы калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал баскычын өтүп жатканын айтты.
Журналисттерди сыйлоо тууралуу буйрукту өкмөт Басма сөз жана маалымат күнүн, Радио жана телеберүү кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу 22-ноябрда кабыл алган.