Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Түркия өз армиясын Ливияга жөнөтүү ниетин билдирди


Президент Режеп Тайып Эрдоган генерал Халиф Хафтардын күчтөрүнө каршы турган Ливиянын өкмөтүн колдоо үчүн аларга түрк армиясын жөнөтүү чечимин жарыялады. Эрдоган буга байланыштуу парламентке сунуш жөнөттү. Түрк лидери парламенттен январь айынын башында уруксат алам деп ишенип турат. Буга чейин Анкара эл аралык коомчулук тааныган Ливиянын өкмөтү менен эки келишимге кол койгон. Ал документ коопсуздук жана аскердик кызматташуу жөнүндө болгон.

Эрдоган "козголоңчу генералга Орусиядан жалданма согушкерлер жардам берип жатканына унчукпай карап тура албайм"- деп билдирген. Түрк лидери Ливияда “Вагнердин аскердик жеке компаниясынын” эки миңден ашык согушкери бар экенин айткан. Жалпыга маалымдоо каражаттарында “Вагнерди” Кремлге жакын ишкер Евгений Пригожин каржылайт деп айтылып келет.

Батыш агенттиктери Ливиядагы Хафтар элдик армиясына Орусиядан сырткары Франция, Египет, Бириккен Араб Эмираттарынан да жардам келүүдө деп жазышкан. Орусия Ливиядагы кан төгүү токтоп, жаңжал жөнгө салынышына кызыкдар экенин билдирген. Москва Ливиядагы жарандык согушка катышып жатканын четке кагууда.

2011-жылы Ливияда Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийин бир топ куралдуу күчтөр бийликке келүүгө аракет кылып келет. Алардын ирилери БУУнун колдоосу менен түзүлгөн өкмөттүн жана Хафтар жетектеген куралдуу топтун айланасында топтолгон.

XS
SM
MD
LG