Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:56

Грузияда оппозициялык телеканалдардын эсептери камакка коюлду


Грузиянын Финансы министрлиги "Кавкасия", "Пирвели" жана "Рустави-2" телеканалдарынын эсептерин камакка койду. Бул телеканалдар өкмөттү жана "Грузин кыялы" партиясын сындап келишкен.

Финансы министрлиги телекомпаниялардын бюджетке төгүүчү карызынан улам буга чейинки карызды төлөө келишимдерин бузгандыгы үчүн кескин чараларды колдонгонун билдирди. Карыз сумма ондогон миллион еврого чейин жетет. Министрлик телеканалдар карызды төлөөр замат эсептери камактан чыгарылат деп убада берди.

Бул медиаресурстардын жетекчилери, журналисттик жамаат банк эсептеринин камакка алынышын кийинки жылы күз айларында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында цензура кылуу аракети деп баалашууда. "ТВ-Кавкасиянын” ээси Нино Жангирашвили эсепти камакка алуу телевидениенин ишин токтотуу экенин билдирди.

26-декабрда "Кавкасия" телекомпаниясынын алдына жарандар нааразылык акциясына чыгышты. Акциянын катышуучулары мамлекеттик ири телекомпания "Имединин” карызына карабай эсеби камакка алынбаганын айтып, “тандалма сот акыйкаттуулугу” жүрүп жатат дешти. Финансы министрлиги "ТВ-Имеди" карызын төлөп жатат деп түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG