Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

БШК Шыкмаматовдун депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту


Алмамбет Шыкмаматов. Архивдик сүрөт.
Алмамбет Шыкмаматов. Архивдик сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 27-декабрдагы маалыматына караганда, берген арызынын негизинде “Ата Мекен” парламенттик фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Боршайкомго арыз жазганын Шыкмаматов бүгүн жарыялады.

Ал депутаттыктан кетүүнү чечкенин, “Ата Мекен” партиясынан да биротоло чыкканын, лидер Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганын, бирок саясаттан кетпей турганын билдирди.

Өмүрбек Текебаев Шыкмаматовдун бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG