Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Чаарат кениндеги инвесторго салык жагынан ыңгайлуу шарт түзүлмөй болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Чаткалда Чаарат алтын кенин иштеткен инвесторго салык жагынан ыңгайлуу шарт түзүп бермей болду. Экономика министрлиги «Чаарат Заав» тоо кен компаниясына ээлик кылган эки ишкана менен макулдашууга кол койду.

Мекеменин маалымат кызматы кабарлагандай, макулдашуу 10 жылга эсептелип кабыл алынды. Бул убакыт аралыгында инвестор эгер Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилип калса салык төлөө боюнча өзүнө ыңгайлуураак шарттарды тандап алса болот.

Компания Чаарат кенин Түлкү-Баш жана Кызыл-Таш участокторун этап-этабы менен өздөштүрүү процесси аркылуу иштетмей болуп жатат. Беш жыл аралыгында инвестор 20 миллион доллар бөлүүнү пландоодо.

Экономика министрлиги мындай макулдашуу Кыргызстанда биринчи жолу кабыл алынып жатканын, бул кадам тышкы инвесторлорду тартуу үчүн жакшы шарт экенин белгилөөдө.

“Чаарат Заав” ишканасы соңку жылдан бери Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаарат кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG