Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 00:21

БШК “Ата Мекенден” депутат болууну каалабагандардын тизмесин жарыялады


"Ата Мекен" партиясынын телектери.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидеринин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, анын ордуна жаңы депутатты бекитти. Ошону менен катар “Ата Мекенден” депутат болуудан баш тарткан төрт талапкердин арызын канааттандырды.

Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берди.

Талапкерлердин тизмесиндеги үч адам – Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып коюшканы белгилүү болду.

Ошондуктан Шыкмаматовдун ордуна тизме боюнча жогорудагы үч талапкерден кийинкиси – Нурбек Сыдыгалиев депутат болду.

Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мыйзам боюнча, биз мандатты тизмеде турган кийинки кишиге өткөрүп беришибиз керек болчу. Төрт талапкер тизмеден чыгып кетти. Алардан кийинкиси Нурбек Сыдыгалиев болчу. Ошондуктан мандат ага тапшырылды.

27-декабрда БШК Шыкмаматовдун ыйгарым укуктарын анын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.

Шыкмаматов депутаттыктан кетүүнү чечкенин, “Ата Мекен” партиясынан да биротоло чыкканын, лидер Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганын, бирок саясаттан кетпей турганын билдирди.

Өмүрбек Текебаев Шыкмаматовдун бүгүнкү билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Сыдыгалиев 46 жашта. Бир нече жыл мурда ал өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеп кеткен. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG