Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Кашмирдеги куралдуу кагылышта төрт адам ажал тапты


Кашмир.
Кашмир.

Индия менен Пакистан Кашмир облусун экиге бөлүп турган чек арадагы атышуу боюнча бири-бирин күнөөлөдү жана эки ача маалымат таратышты. Пакистан армиясынын генерал-майору Асиф Гафур кагылышта өздөрүнүн эки жоокери окко учканын, Индия үч аскеринен ажыраганын айтты. Ал эми Индия атышууда бир офицер менен бир жайкын тургун өлгөнүн билдирди. Окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча так маалымат жок.

Быйыл август айында Индиянын өкмөтү Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарган. Ушундан улам негизинен мусулмандар байырлаган Жамму жана Кашмир штаттары мурдагыдай өз алдынча иш алып бара албай калган. Пакистан Нью-Делинин мындай чечимин кескин айыптаган жана жооп кайтара турганын билдирген.


Индия менен Пакистан Кашмирди 1947-жылы Британиянын карамагынан чыккандан кийин бөлүп алган. Өзөктүк куралы бар бул коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы үч согуштун экөө дал ушул Кашмирдин айынан тутанган.

XS
SM
MD
LG