Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

ТИМ: Учак кырсыгынан жабыркаган кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык


Кыйраган учак. 27.12.2019
Кыйраган учак. 27.12.2019

Казакстанда учак кырсыгынан жабыркаган кыргыз жараны ооруканада жатат. Абалы канааттандырарлык.

Бул тууралуу 27-декабрда "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди.

- Такталган маалыматка караганда, кыйраган учактын ичинде бараткан 36 жаштагы кыргызстандык Алматы шаарынын Тез жардам ооруканасынын Травматология бөлүмүндө жатат.

Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери ооруканага барып, ал адамдан кабар алып келишти.

Бүгүн эртең менен Алматы шаарынан алыс эмес аймакта Bek Air авиакомпаниясынын Нур-Султанга бет алган Fokker-100 учагы кулап түштү. Ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү бараткан.

Казакстандын Ички иштер министрлиги каза болгондор 12 адам, алардын бири аба кемесинин командири экенин расмий жарыялады. Ондогон адамдар түрдүү жараат менен ооруканага жеткирилди.

Буга чейин каза тапкандар 15 адам экени кабарланган. (RK)

XS
SM
MD
LG