Бишкек милициясы активист Айгүл Карабалинанын билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзө баштады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди:
- Милицияга бул тууралуу эч кандай арыз түшкөн жок. Билдирүү боюнча тактоо иштерин жүргүзө баштадык.
Кыргызстанда жакында уюштурулган алгачкы феминисттик көргөзмөнүн куратору, активист Айгүл Карабалина 26-декабрда кечинде ага кол салуу болгонун Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.
Эки эркектин кол салуусунан мээси чайкалганын, баласынын коопсуздугу үчүн тез арада башка жакка кетип калууну көздөп жатканын билдирди.
Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк феминнале көргөзмөсү ызы-чуу менен коштолгон. Айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу деп иштен кеткен. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көргөзмөнү сындап, парламенттин айрым депутаттары да нааразылык билдиришкен.
Мурдагы президент Роза Отунбаева көргөзмөнүн максатын колдоп, көйгөйдү көтөргөн маанилүү иш-чара экенин айткан. (RK)