Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Орусия WADA агенттигинин чечимине каршы экенин билдирди


WADA/
WADA/

Орусиянын Кызытмага каршы агенттиги (РУСАДА) Кызытмага каршы дүйнөлүк агенттиктин (WADA) Орусия тууралуу чечимине каршылык билдирип, расмий кат жолдоду. Бул тууралуу РУСАДАнын башчысы Юрий Ганус билдирди.

Мунун алдында Москва орус спотчуларын Олимп оюндарынан жана ири спорттук мелдештерден четтеткен чечими боюнча эл аралык сотко кайрыларын айткан.

Ушул айдын башында WADA РУСАДА Допингге каршы дүйнөлүк кодекстин талаптарына жооп бербейт деп таап, Орусияны Олимп оюндарынан жана эл аралык ири спорт мелдештеринен төрт жылга четтеткен.

Сентябрь айында WADA РУСАДАга кылмыш ишин козгогон. Анда Кремлди ушул жылдын башында «допингге байланыштуу бурмаланган жалган маалымат берген» деп күнөөлөгөн. Уюм РУСАДАнын Москвадагы лабораториясында кызытмага каршы эрежелер бузулган деген 47 учур иликтенип жатканын билдирген.

Орус спортундагы кызытма жаңжалына байланыштуу РУСАДА 2015-жылы ыйгарым укуктарынан ажыраган. Үч жылдан кийин, 2018-жылы сентябрда орусиялык агенттиктин укугу калыбына келтирилген.

Москва спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы жүргүзгөн күрөшү аксап жатканын мойнуна алган. Бирок «кызытманы колдонууга жогорку жетекчиликке чейин аралашкан» деген дооматтарды толугу менен четке каккан.

XS
SM
MD
LG