Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Жээнбеков казак элине көңүл айтты


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.

«Кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм» деп белгиленген көңүл айтуу телеграммасында.

Бүгүн эртең менен Алматы шаарынан алыс эмес аймакта Bek Air авиакомпаниясынын Нур-Султанга бет алган Fokker-100 учагы кулап түштү. Ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү бараткан.

Казакстандын Ички иштер министрлиги каза болгондор 12 адам, алардын бири аба кемесинин командири экенин расмий жарыялады. Ондогон адамдар түрдүү жараат менен ооруканага жеткирилди.

Буга чейин каза тапкандар 15 адам экени кабарланган.

Казакстанда учак кырсыгынан жабыркаган кыргыз жараны ооруканада жатат. Абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG