Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Текебаев: Шыкмаматов мандатын тапшырууну бир топ убакыт мурда чечкен


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттеги фракциянын лидерлигинен кеткен Алмамбет Шыкмаматовдун чечими боюнча комментарий берди.

Бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Текебаев төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мындан бир топ убакыт мурун Алмамбет Шыкмаматов өз мандатын менин көзүмчө Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүп берем деп чечкен. Сыдыгалиев тизмеде 21-болуп турат. Бирок анын алдындагы адамдар орун бошотуудан баш тартып жүргөн. Оор, татаал сүйлөшүүлөр бул боюнча тынбай болуп турган. Сүйлөшүүлөр жыйынтык берди. Бүгүнкү чечим кырдаал аныктаган, керек чечим болду.

Бүгүн 27-декабрда парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берди.

Талапкерлердин тизмесиндеги үч адам – Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып коюшканы белгилүү болду. Ошондуктан Шыкмаматовдун ордуна тизме боюнча жогорудагы үч талапкерден кийинкиси – Нурбек Сыдыгалиев депутат болду. Ал эми фракциянын лидери болуп бир добуштан Айсулуу Мамашова шайланды.

Шыкмаматов депутаттыктан да баш тартканын, “Ата Мекен” партиясынан да биротоло чыкканын, лидер Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганын, бирок саясаттан кетпей турганын бүгүн эртең менен билдирген. (KJ)

XS
SM
MD
LG