Президент Сооронбай Жээнбеков 27-декабрда Апрель окуясынын катышуучулары, жабыркагандар жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков “Апрель революциясынын идеяларын бекемдөө жана толук ишке ашыруунун маанисин баса белгиледи”. Бул окуянын 10 жылдыгына даярдануу жана аны өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу комитети тийиштүү деңгээлде иш жүргүзүп жатканын белгиледи.
Жолугушууга «Мекен Шейиттери», «Эр Теги», «Баатырларга таазим», «Жаркын Элес», «Апрель Баатырлары», «Айкөл Ала-Тоо», «Апрель. Элим. Кыргызстан», «Айкөл Таза Коом», «Апрель Баатырлар Биримдиги», «Апрель байрагы», «Элдик сакчы», «Элдик кайрат», «Мекен үчүн», «Орток шамы» коомдук уюмдарынын, «Патриот» элдик кошуундар кыймылынын өкүлдөрү катышты.
Жээнбеков Апрель окуясынын катышуучулары менен салттуу түрдө жылына эки жолу жолугат.
2010-жылдын 7-апрелинде президентке, өкмөткө каршы нааразылык акциялары өтүп, бийлик алмашкан. Ошол күндөрү “Ак үй” алдында 90дон ашуун адам каза болгон. (RK)