Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шек саналып №1 тергөө абагында отурган ишкер Сыргак Кенжебаев менен жолугуп чыгышты.
Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди. Анын сөзүнө караганда, Кенжебаев басым-кысым болбогонун, эч кандай нааразылыгы жок экенин айткан.
- Биздин борборго арыз түшкөн жок. Кенжебаев УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурганда жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 тергөө мекемесине которулганда да бизге арызданган жок, - деди Сулайманов.
19-декабрда УКМК тарабынан Алматы аэропортунда кармалып, Кыргызстанга алып келинген Сыргак Кенжебаев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал «ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шек саналып жатканын, Кенжебаевге каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектелип жатканын билдирген.
Ал кармалгандан кийин УКМКга камакка алынып кийин №1 тергөө абагына которулган. Атайын кызмат ишти иликтөөнү да ИИМге өткөрүп берди.
Кенжебаев «Үмүт 2020» кыймылынын негиздөөчүсү, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү. Айтматова социалдык тармактагы баракчасына күйөөсү тергөө абагында кыйноого кабылып жатканын жазган. (BTo)