Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Бишкекте 135 батирлүү жаңы үй ипотекага берилди


«Тунгуч» кичирайонундагы жаңы салынган батир.
«Тунгуч» кичирайонундагы жаңы салынган батир.

«Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча медицина, билим берүү, маданият жана социалдык тармактын кызматкерлери Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичирайонундагы жаңы тогуз кабаттуу үйдөн батир алышты.

Батирлер баштапкы төлөмсүз, насыянын жылдык үстөгү алты пайыз менен 15 жылга берилди. Турак жай аларга насыя толугу менен төлөнүп бүткөндө гана катталат. Бул көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бардыгы бир бөлмөлүү, алардын максималдуу аянты 75 чарчы метр.

135 батирлүү үйдүн ачылышына вице-премьер-министр Замирбек Аскаров катышты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, үйгө борбордук жылуулук жана газ жеткирилген.

Аскаров «Турак жайды ижара менен сатып алуу» долбоору боюнча жарандар биринчи жолу батир алып жатканын айтты. Расмий маалыматка караганда, «Мамлекеттик ипотекалык компания» иштеп баштагандан бери өлкөдө 4 500 киши турак жай алды. (BTo)

XS
SM
MD
LG