Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Сомалиде жардыруудан бери дегенде 60тан ашуун киши өлдү


Сомалиде болгон чабуулдардын бири. Архивдик сүрөт.
Сомалиде болгон чабуулдардын бири. Архивдик сүрөт.

Сомалинин баш калаасы Могадишодо өткөрмө бекетте бомба жарылып бери дегенде 60тан ашык киши мүрт кетти. Бул акыркы жылдары Могадишодо болгон кол салууларда эң көп курмандыктарды алып келген окуя деп саналууда.

Сомали өкмөтү ондогон киши ооруканага жеткирилгенин, ушундан улам курмандыктардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин кабарлады.

Могадишонун мэри окуя болгон жерде сүйлөп жатып жарылуудан 90дой адам жараат алганын, алардын көбү студенттер экенин айтты. Сомали парламентинин мүчөсү Абдиризак Мухаммед «Твиттердеги» баракчасына жарылууда полиция кызматкерлери, төрт чет өлкөлүк жаран да каза тапканын жазды.

Жарылуу боюнча азырынча бир да топ жоопкерчилик ала элек. «Ал-Каида» менен байланышы бар «Аш-Шабааб» террордук тобу Сомалиде утур-утур ар кандай кол салууларды уюштуруп келет. «Аш-Шабааб» тобунун согушкерлери 2011-жылы өлкөдөн чыгарылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG