Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Баткен аэропортунун жетекчиси президентке кайрылды


Баткен аэропорту. (Архивдик сүрөт)
Баткен аэропорту. (Архивдик сүрөт)

Баткен аэропортунун жетекчиси, 39 жаштагы Нургазы Жаныбеков Ош аэропортунун жетекчилиги тарабынан кысымга кабылып, жумуштан кетүүгө мажбур болгонун билдирди.

Мындан улам ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогонун айтты.

Нургазы Жаныбековдун кайрылуусунда, ушул жылдын 24-октябрь күнү Баткен облусунун прокурору Бакыт Халмурзаев менен Баткен аэропортунун аймагында пикир келишпестик болгону айтылат. Бул окуядан улам Ош эл аралык аэропортунун жетекчиси Талант Исаков Нургазы Жаныбековду кысымга алып, жумуштан кетүүгө ачык мажбурлаган. Нургазы Жаныбеков Кыргызстанда авиация тармагында коррупция күч алганын, Баткен аэропорту “эл аралык” макамынын талаптарына жооп бербей турганын президентке кайрылуусунда айткан.

Бул боюнча Ош эл аралык аэропортунун жетекчилиги маалымат берүүдөн баш тартты.

Нургазы Жаныбеков 2018-жылы 4-июлда Баткен эл аралык аэропортунун жетекчиси болуп дайындалган. (MdN)

XS
SM
MD
LG