Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

“Азаттыктын” украин кызматынын эки кабарчысы туткундан бошотулду


«Азаттык» радиосунун украин кызматынын блогерлери жана штаттан тышкаркы кабарчылары Станислав Асеев менен Олег Галазюк орусиячыл жикчилдердин туткунунан бошотулду. Бул тууралуу окуяны чагылдырганы барган «Азаттыктын» украин кызматынын журналисттери кабарлашты. Эки кабарчынын аты-жөнү Украинанын атайын кызматы түзгөн туткундан бошотулгандардын тизмесинде да бар.

Асеев Станислав Васин деген ысым, Галазюк болсо Мирослав Тямущий деген ат менен жикчил аймактан кабар берип турушкан. Экөө тең туткунда дээрлик эки жарым жылдай отурушту.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай кабарчылардын бошотулганын кубаттап, «Стас менен Олегдин эркиндикке чыгышына кубанып турабыз» деп билдирди.

26-ноябрда Флай украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушканда эки журналистти туткундарды алмашуу тизмесине кошууну өтүнгөн. «Алар кылмыш кылганы үчүн эмес, өз мекениндеги орусиялык оккупация тууралуу чындыкты айтып турганы үчүн эки жарым жыл сырткы дүйнөдөн обочо кармалып турушту», - деп белгилеген Флай.

Станислав Асеев 2017-жылдын май-июнь айларында кармалган. Адегенде эки апта дайынсыз болуп, кийин өзүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймактын бийлиги журналисттер тыңчылыкка айыпталып, кармалганын билдирген. Асеев 15 жылга эркинен ажыратылган.

Философия илимдеринин кандидиаты Галазюк согушка чейин Харьковдогу экономикалык мамилелер жана менежмент институтунда окутуучу болуп эмгектенген. 2017-жылга чейин эки жолу туткунга түшүп, кайра бошотулган. Галазюк туткунда аны кыйнашканын айтып берген.

29-декабрда Киев менен өздөрүн “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп атап алган жикчил аймактардын ортосунда “бардык таанылгандарды таанылгандарга алмашуу” формуласы менен туткундарды алмашуу иши жүрдү.

Украин президентинин администрациясы Киев 76 кишини өткөрүп алганын билдирди. Жикчилдерге 100дөн ашуун киши берилди.

XS
SM
MD
LG