Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Исаев: президенттер ашыкча ыйгарым укукка ээ болушуна Текебаев шарт түзгөн


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев Kabarlar.kg сайтына берген маегинде Кыргызстанда президенттер ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланышына шарт түзгөндөрдүн бири «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев экенин айтты.

- Конституцияны Өмүрбек Чиркешович өзү жазган. Керек болсо президенттер бүгүнкүдөй ашыкча укуктарга ээ болушуна Текебаевдин өзүнүн салымы чоң. Биз президенттин укуктарын азайтабыз десек муну эл чечиши керек. Азыр президент тышкы саясатты аныктайт, башка маселелерге да жооптуу, - деди Исаев.

Өмүрбек Текебаев 26-декабрда «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, президент Сооронбай Жээнбеков 25-декабрдагы пресс-конференциясында өкмөт аткарган иштерди «мен кылдым» деп премьер-министрдин ыйгарым укуктарын алып алганын айтып, Жээнбековду Баш мыйзамды бузбоого чакырган. Ал бийликти мыйзамдын чегинде иштөөгө үндөгөн.

Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийлик узурпация болгонун, ал процесс да уланып жатканын билдирген. Азырынча президенттин аппараты Текебаевдин айткандарына жооп бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG