Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:22

“Сапат” лицейинин эки кызматкери боюнча маселе сотто каралууда


"Сапат" билим берүү мекемелери мурда "Себат" деп аталган.
"Сапат" билим берүү мекемелери мурда "Себат" деп аталган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ушу тапта Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын “Сапат” лицейинин эки кызматкерин Түркияга өткөрүп берүү тууралуу чечимине карата адвокаттардын даттануу арызы каралып жатат. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Соттун маалыматына караганда, көзөмөл органы Синан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди кылмыш жообуна тартыш үчүн Түркияга өткөрүп берүү тууралуу токтом чыгарган.

Экөө тең азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында экени маалымдалууда.

Мурдагы «Себат», учурдагы «Сапат» билим берүү мекемелери Кыргызстанда өз ишмердигин 1992-жылы баштаган. Анын түзүүчүсү, диниятчы Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги өзүнө душман санайт. Анын кыймылын президент Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG