Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:29

Техас чиркөөсүндөгү кол салуудан эки жайкын тургун мерт болду


Уайт-Сеттлмент шаарындагы кол салуу болгон чиркөө, 29-декабрь 2019-жыл.
Уайт-Сеттлмент шаарындагы кол салуу болгон чиркөө, 29-декабрь 2019-жыл.

АКШнын Техас штатындагы Уайт-Сеттлмент шаарында жайгашкан чиркөөдө ок атылып, андан эки жайкын тургундун өмүрү кыйылды. Чиркөөдөгүлөргө кол салган куралчан киши да атып өлтүрүлдү. Америкалык маалымат каражаттары жазгандай, диний жөрөлгөнүн курал алып жүргөн эки катышуучусу шектүүнү атып өлтүрүүгө аргасыз болгон.

Окуя 29-декабрда күндүзгү саат 11лер чамасында Уайт-Сеттлмент шаарынын Форт-Уорз конушундагы чиркөөдө болгон. Диний жөрөлгө түз эфирде көрсөтүлүп жаткандыктан атышуу башталган учур да кадрга түшүп калган.

Кол салуунун чоо-жайын иликтөө үчүн жергиликтүү полицияга АКШнын Федералдык иликтөө бюросу көмөктөшө баштады. Азырынча шектүүнүн мотиви тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Быйыл Техас штатында бир нече кандуу кол салуу жана атышуу болду. Август айында Эль-Пасо шаарындагы "Walmart" дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан 22 киши каза тапкан. Ошол эле айдын соңунда Одесса-Мидлэнд шаарчасындагы ок атуудан жети кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG