Кытайда адам эмбриондорун тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган окумуштуу Хе Цзянкуй үч жылга абакка кесилди.
Ал ошондой эле 400 миң евродой айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Аны менен кошо гени өзгөртүлгөн эгиз кыздардын жарык дүйнөгө келишине катыштыгы бар делген эки окумуштуу да жазага тартылды. Чжан Жэньли эки жылга, Цинь Цзиньчжоу 1,5 жылга эркинен ажыратылды.
Экөө тең 130 миң евродой айып пул төлөмөй болушту. Үч окумуштууга адамдын генин өзгөртүү боюнча мыйзамсыз эксперимент өткөргөн деген айып тагылган.
Хэ Цзянкуй 2018-жылдын ноябрь айында адам эмбриондорунун гендерин тарыхта биринчи жолу өзгөрткөнүн жарыялаган. Мунун жыйынтыгында гени өзгөртүлгөн эгиз кыздар жарык дүйнөгө келген. Хэ Цзянькуй атайын технологиянын жардамы менен өзгөрткөн, CCR5 деп аталган ген эгиз кыздарды ВИЧ илдетинен коргойт. Окумуштуунун айтымында, анын максаты - тукум кууган ооруларды айыктыруу же алардын алдын алуу эмес, адам организминдеги илдеттерге туруштук бере ала турган жөндөм жаратуу болгон.
Бул окуя генетиктер арасында чуу жараткан. Көптөгөн окумуштуулар мындай ачылыштын этикалык тарабы эске алынбаганын айтып чыгышкан. Интернетте жарыяланган ачык катта окумуштуулар адам эмбриондорунун гендерин CRISPR-Cas9 технологиясы аркылуу өзгөртүү кооптуу жагдайларды жаратарын жазышкан.
CRISPR-Cas9 – бул окумуштууларга адамдын ДНКсын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген технология. Ал генге кийлигишүү менен организмде ооруларга туруштук бере ала турган жөндөмдү пайда кылууга багытталган.
Профессор Хэ Цзянькуйдун аты илимий чөйрөдө кеңири белгилүү. Ал бир топ жыл Кошмо Штаттарда билим алып, Техастагы Райс университетинде докторлук диссертациясын жактаган. Андан кийин эки жыл Стэнфорддо иштеп, Кытайга кайтып барган.