Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:59

АКШ Ирак менен Сириядагы чабуулду "ийгиликтүү" деп мүнөздөдү


Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер.
Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер.

АКШнын Ирак менен Сириядагы Иран колдогон күчтөрдүн позицияларын бутага алган аба соккуларынан кеминде 25 жоочу жок кылынып, 50гө чукулу жараат алды. Бул тууралуу "Reuters" жаңылыктар агенттиги Ирактын күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып билдирди.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Марк Эспер 29-декабрда "Катаиб Хезболла” аттуу ирактык шиит күчтөрдүн жайларына урулган соккуларды "ийгиликтүү" деп мүнөздөдү.

"Биз чабуул койгон жайлардын үчөө Ирактын батышында, экөө Сириянын чыгышында жайгашкан. Алар "Катаиб Хезболланын" чабуулдарды башкаруу жана ишке ашыруу борборлору же курал-жарак кампалары болгон. Аба чабуулдары ийгиликтүү болду. Пилоттор жана учактар аман-эсен кайтып келишти", - деп билдирди Марк Эспер.

Ал мындан ары да Ирандын же согушкерлерлердин чөлкөмдөгү америкалык күчтөргө коркунуч жараткан аракеттеринин мизи кайтарыларын эскертти. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф АКШнын аба чабуулун "кабыл алынгыс" деп сыпаттады.

Америка тарап билдиргендей, буга чейин “Катаиб Хезболла” кошууну Киркук шаарындагы коалициялык күчтөрдүн аскер базасына ракеталык чабуул койгондо АКШнын жоокери курман болуп, төрт америкалык жана эки ирактык аскер жараат алган.

XS
SM
MD
LG