Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Өкмөт: Оң рулдуу такси үчүн азырынча айыппул салынбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда оң рулдуу автоунаа менен жүргүнчү ташыгандарга азырынча айыппул салынбайт. Бул тууралуу бүгүн өкмөт кабарлады.

"Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унаа пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойбуз" деп билдирди өкмөт.

Депутат сунуш кылган мыйзам долбоорунда оң рулдуу автоунаа менен эл ташууга салынган тыюуну 2025-жылдын 1-январына чейин узартуу каралган. Жогорку Кеңештин сайтында бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

2016-жылдын 1-январынан тартып оң рулдуу унааны коммерциялык багытта колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзамды парламент 2013-жылдын 19-июлунда кабыл алган. Бирок аны ишке ашыруу маселеси кайчы пикирлерди жаратып келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш 2016-жылы 3-мартта тыюу салуунун мөөнөтүн 2020-жылга чейин узарткан. Буга чейин Ички иштер министрлиги жол кырсыктарына оң рулдуу автоунаалар көбүрөөк кабылаарын билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG