Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Лавров Ирандын өзөктүк келишими боюнча маселени көтөрдү


Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф, Москва, 30-декабрь 2019-жыл.
Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф, Москва, 30-декабрь 2019-жыл.

Орусиянын тышкы иштер министри АКШ менен Европа Биримдигин Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимдин шартын аткарууга же аны биротоло четке кагууга чакырды.

Сергей Лавров мындай оюн 30-декабрда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен Москвадагы жолугушуусунан кийин айтты. Зариф өзөктүк келишимге кол койгон Европа өлкөлөрү "иштиктүү чараларды көрбөй жатканын" белгиледи.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган. Бирок былтыр 8-майда президент Дональд Трамп АКШ макулдашуудан чыгып жатканын жарыялап, бул кадамынын себеби катары келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын көрсөткөн. Аны улай Иранга карата санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын алакасы начарлай баштаган.

XS
SM
MD
LG