Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Патрулдук милиция Бишкектин дагы эки районунда иштей баштады


Патрулдук милиция. 31-октябрь, 2019-жыл.
Патрулдук милиция. 31-октябрь, 2019-жыл.

30-декабрдан тарта Патрулдук милиция Бишкектин Ленин жана Октябрь райондорунда иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.

- Патрулдук милиция Бишкек шаарынын төрт районунда тең толук кандуу иштей баштады. Бирок учурда иштеп жаткан кызматкерлер шаарды толук камтый албайт. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Патрулдук милицияга сынактан өткөндөрдүн үчүнчү тобун ИИМдин академиясына окууга жиберди. Алар окуп келгенден кийин кызматкерлер шаарды толук камтыйт, - деди Исаев.

31-октябрда Бишкектин Свердлов жана Биринчи май райондорунда Патрулдук милиция кызматы ишке кирген. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштей баштары айтылган.

Кыргызстанда буга чейин Патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милицияны түзүү тууралуу чечим кабыл алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG