Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

ТИМ: Сирия менен Ирактагы саясий абалдан улам кыргызстандыктар алып келинбей жатат


Күрд козголоңчуга туткунга түшүп берген аял баласы менен. Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.
Күрд козголоңчуга туткунга түшүп берген аял баласы менен. Сирия. Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев Сириядагы жана Ирактагы саясий кырдаалга байланыштуу аталган өлкөлөрдөгү лагерлерден кыргызстандыктардын балдарын алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 30-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында айтты.

- Сириядагы жана Ирактагы кыргызстандыктардын балдарын алып келе албай жатканыбыздын жүйөлүү себептери бар. Бул сөз болуп жаткан өлкөлөрдөгү саясий кырдаалга байланыштуу. Сирия жана Иракта саясий кырдаал турукташкандан кийин биз негизги ишке өтөбүз, - деди Имангазиев.

Сентябрь айында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Ирактан 70тей баланы Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.

Расмий маалыматтарда 150дөй кыргызстандык аял Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде, Ирактагы түрмөлөрдө балдары менен кармалып турганы айтылып келет.​ Бирок кеткендердин жакындары аялдардын саны 400дөн көп экенин билдиришкен.

2013-2015-жылдар аралыгында Жакынкы Чыгыштагы согуш тутанган аймактагы жоочуларга 800гө чамалуу кыргызстандык кошулганы айтылган. Алардын 200дөйү ошол жакта каза болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG