Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Салык кызматы «Вечерний Бишкекти» сотко берди


«Вечерний Бишкек» гезити.
«Вечерний Бишкек» гезити.

Мамлекеттик салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү тескөө башкармалыгы камсыздандыруу төгүмдөрүн убагында төлөбөгөнү үчүн «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомун сотко берди. Бул маалыматты салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков ырастап, арыз 12-декабрда жазылганын билдирди.

- «Вечерний Бишкек» жабык акционердик коому мамлекетке 9,7 млн. сом жана 2,3 млн. сом туум карыз. Карыз салык төлөөчүнүн берген отчётунун негизинде пайда болгон, - деди Сазыков.

Мамлекеттик салык кызматы соттон «Вечерний Бишкектен» акчаны өндүрүп берүүнү сурап жатат. Соттук отурум 2020-жылдын 16-январына белгиленди. Сазыков салык маселесине байланыштуу салык төлөөчүлөр менен мекеменин ортосундагы соттошуулар кадыресе эле окуя экенин кошумчалады.

«Вечерний Бишкек» - өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул басылмада мүлк талаштын аягы тыйылбай, бийлик алмашкан сайын «Вечерний Бишкектин» кожоюну да өзгөрүп келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG