Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Балдарды тейлеген медициналык кызматка жаңы машиналар тапшырылды


Автомашиналарды тапшыруу учуру. 31.12.2019
Автомашиналарды тапшыруу учуру. 31.12.2019

Бишкек мэриясы балдарды тейлеген медициналык кызматка сегиз автомашина тартуулады. Ачкыч тапшыруу салтанаты бүгүн 31-декабрда мэриянын алдында өттү.

Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, “Тез жардам” бригадасына алты жана сүт азыктарын ташып жеткирүү үчүн эки автомашинаны мэрия өз каражатына сатып алган. Бул үчүн шаардык бюджеттен 13 миллион сомго жакын акча бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө Бишкекти “103” кызматы боюнча 46 атайын автомашина тейлейт. Мындан ары мэрия жыл сайын дагы 7-8ди сатып алып турууну максат кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG