Кыргыз өкмөтү жазык мыйзамдарын өркүндөтүү максатында быйыл 33 мыйзам долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
Келерки жылдын башында дагы 40тан ашык долбоор парламенттин кароосуна сунушталат. Бул тууралуу 31-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы жазык мыйзамдары күчүнө кирген.
«Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык тутуму, пробация институту иштей баштады. (RK)