Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:07

Кундуз Жолдубаевага дагы төрт айып тагылды


Кундуз Жолдубаева.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаевага дагы төрт айып коюлду. Бул тууралуу маалыматты ал өзү “Азаттык” радиосуна тастыктады.

Мурда коюлган "бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу", "калайман башаламандык уюштуруу", "барымтага алуу" беренелерине эми “атуучу куралды уурдоо же опузалап алуу”, “тергөөгө каршылык көрсөтүү”, “адамды коркунуч абалда калтыруу” жана “адамдын ден соолугуна зыян келтирүү” деген айыптар кошулду.

Расмий органдар бул тууралуу азырынча маалымат бере эелек.

Ушул жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, эки жүздөй адам жабыркаган.

Кой-Таш окуясы боюнча 39 факт менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Атамбаевге жана анын айрым тарапташтарына айып тагылып, камакка алынган.

27-декабрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Жолдубаеваны 9-февралга чейин үй камагына алган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG