Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:10

2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды


Базарда иштеп жаткан кыргызстандык бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Базарда иштеп жаткан кыргызстандык бала. Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жаңы жылы менен куттуктоосунда билдирди.

- Балдарыбыз мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж. Айрыкча, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл, - деди Жээнбеков.

Президент мамлекет балдарга карата камкордугун күчөтөрүн айтып, ошол эле кезде быйыл өлкөнү санариптештирүү иши да уланарын кошумчалады.

Өлкө башчы 2018-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган. 2019-жыл болсо «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп белгиленген жана билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишин санариптештирүү пландалган.

Расмий маалымат боюнча, ушул күнгө чейин «Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык түзүм кошулду. Коомчулукта санариптештирүүнүн жүрүшүнө карата сын-пикирлер аз эмес. Өзгөчө мамлекеттик органдардагы тейлөөлөр автоматташтырылбагандан улам кезектер узун болгонуна нааразылыктар көп. (BTo)

XS
SM
MD
LG