Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Жаңы жыл түнү борбордук аянттан 12 бала жоголуп кайра табылды

Бишкек. Ала-Тоо аянты.
Бишкек. Ала-Тоо аянты.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында 1-январга караган түнү Жаңы жылды майрамдоо учурунда 12 бала жоголуп, милициянын жардамы менен ата-энесине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жылды майрамдоо түнү Бишкекте коомдук тартипти эки миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Негизги майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, эстрада ырчыларынын концерти болду.

Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери тартипти сактоо иштерине тартылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG