Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Ноокенде Жаңы жыл түнү милиция кызматкери бычакталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкери Майрамбек Абылов 1-январдын таңында бычакталып, ооруканага жетпей үзүлүп кетти.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиргендей, милициянын сержанты Абылов Ноокен районунун Арал айылына топ балдардын мушташына тааныштарынын чакыруусу менен барган учурда бычакталган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Базар-Коргон районунун 26 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эки баланын атасы, 31 жаштагы Майрамбек Абылов 2013-жылдан бери ички иштер кызматында иштеп келаткан. 30-декабрда ал нөөмөттө болуп, 31-декабрда эс алууга чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, Абылов окуя болгон жерге милиция кызматкери катары өз милдетин аткаруу үчүн барган. (RsK)

XS
SM
MD
LG