Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Министрликтердин сайттары кайра иштей баштады


Тышкы иштер министрлигинин сайты иштебей турганда алынган скриншот.
Тышкы иштер министрлигинин сайты иштебей турганда алынган скриншот.

Буга чейин иштебей жаткан Тышкы иштер министрлигинин (mfa.gov.kg) жана Ички иштер министрлигинин (mvd.gov.kg) сайттары иштей баштады. Бирок Экономика министрлигинин расмий сайты (mineconom.gov.kg) азыр деле ачылбай турат.

kg домендерди тейлеген «Азия инфо» компаниясынын оператору сайттардын иштешинде маселе жаралганын, аны жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын билдирген.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга караганда, gov.kg деген домен 2001-жылдын 16-январь күнү катталган. Анын мөөнөтү 2011-жылы 2020-жылдын 1-январына чейин узартылган. Айрымдар сайттардын ишинде маселе жаралышын домендин мөөнөтү узартылбай калгандыгы менен байланыштырышкан.

2020-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. (BTo)

XS
SM
MD
LG