Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:00

Австралиянын штатында өрттөн улам өзгөчө кырдаал жарыяланды


Австралиянын Жаңы Түштүк Уэлс штаты. 31-декабрь, 2019-жыл.
Австралиянын Жаңы Түштүк Уэлс штаты. 31-декабрь, 2019-жыл.

Австралиянын Жаңы Түштүк Уэлс штатында токойлорду каптаган өрттөн улам жети күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жергиликтүү бийлик 3-январдан тартып тилсиз жоо каптаган аймактардын тургундарын күч менен болсо да коопсуз жайларга көчүрө турган болду.

Күндүн кескин ысышы жана катуу шамал Австралиянын түштүк-чыгыш штаттарындагы өрттү күчөтүп жатат. 2-январда Жаңы Түштүк Уэлс жана Виктория штаттарында өрттүн 200дөн ашык очогу катталды.

«Өрттү өчүрүүгө жана элди эвакуациялоого артыкчылык берилет. Жаңы Түштүк Уэлс менен Викториянын айрым аймактары чоң кыйроого кириптер болду. Электр жарыгы жана байланыш үзгүлтүккө учурады», - деп билдирди бейшембиде Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон.

Сентябрь айынан бери токтобой жаткан тилсиз жоо 18 адамдын өмүрүн алды. Баш-аягы 1200 турак жай күйүп кетти.

Токойлорду каптаган өрт айрым маанилүү жолдорду да бууп койду. 2-январда айрым шаарлардагы дүкөндөрдө жана май куюучу жайларда кезек күткөндөр көбөйдү. Сидней менен Канберрага бет алган жолдордо да автоунаалар тыгында турат.

Тилсиз жоодон улам айрым шаарчалардагы 50 миңден ашуун адам электр жарыгы жана суусу жок калды.

XS
SM
MD
LG