Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

АКШнын башкы дипломаты иш сапарларын жылдырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Казакстанда, Өзбекстанда, Украинада жана Беларуста өтө турган иш сапарын кийинкиге жылдырды. Буга Иракта митингчилердин Америка элчилигине чабуул койгону себеп болгонун, ошондон улам Помпеого Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга көз салууга туура келип жатканын Мамлекеттик департамент 1-январда билдирди.

АКШнын башкы дипломаты 3-январда Киевге келип, андан соң Минскиге, Нур-Султанга, Ташкентке барышы керек эле. Помпео постсоветтик чөлкөмдөгү бул сапарынын алкагында Ташкентте Борбор Азиянын беш мамлекетинин дипломаттары менен да жолукмак. Мамдепартамент анын сапары так кайсы күнгө белгиленгенин жакын арада жарыялай турган болду.

31-декабрда Кошмо Штаттардын Багдаддагы элчилигинин алдына жүздөгөн адамдар топтолуп, алардын айрымдары дипломатиялык өкүлчүлүккө күч менен кирүүгө аракет кылышкан. Басымдуу бөлүгүн шиит кошуундарынын жоокерлери түзгөн бул митингчилер Вашингтондун Ирактагы өткөн аптадагы абадан урган соккуларына каршылык билдиришкен.

29-декабрдагы аба чабуулдары Ирак менен Сириядагы Иран колдогон жоочулар тобун бутага алган эле.

XS
SM
MD
LG