Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Ирандын аскер башчылары АКШга жооп кайтарышты


«Революция сакчылар корпусунун» башчысы, генерал Хоссейн Салами.
«Революция сакчылар корпусунун» башчысы, генерал Хоссейн Салами.

Иран армиясынын бир катар жогорку жетекчилери АКШнын президенти Дональд Трамптын дооматына жооп кайтарышты.

«Биз өлкөнү согушка жетелебейбиз. Бирок биз согуштан коркпойбуз», - деп билдирди 2-январда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун башчысы, генерал Хоссейн Салами.

Иран армиясынын кол башчысы, генерал-майор Абдулрахим Мусави да ирандык күчтөр «душманга» каршы турууга даяр экенин айтты. «Эгер кимдир-бирөө кымындай ката кетирсе, алар чечкиндүүлүк менен жооп кайтарат», - деди Мусави.

Президент Трамп 31-декабрда АКШнын Ирактагы элчилигине коюлган чабуул боюнча Иранды айыптаган.

«Эми Иран АКШнын Ирактагы элчилигине чабуул уюштуруп жатат. Алар буга толугу менен жооптуу болот», - деп жазган Трамп «Твиттердеги» барагына.

Өткөн аптанын соңунда Кошмо Штаттар Иран колдогон «Катаиб Хезболла» тобунун Ирактагы жана Сириядагы позицияларына сокку урган. Буга нааразы болгон ирактык шиит күчтөрү эки күн мурда АКШнын Багдаддагы элчилигине күч менен кирип барууга аракет кылышты. Элчиликти курчап турган жүздөгөн адамдар 1-январда тарап кетишкени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG