Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:43

Ингушетиядагы кол салууга ИМ террордук тобу жоопкерчилик алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Ингушетия республикасындагы бир полиция кызматкеринин өмүрүн алган кол салуу боюнча жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды. Бул тууралуу экстремисттик топтордун интернеттеги иш-аракетине мониторинг жүргүзгөн "SITE Intelligence Group" уюму билдирди. Маалыматка ылайык, согушкерлер кол салууну уюштурганын айтышканы менен аны күбөлөгөн далилдерди келтиришкен эмес.

31-декабрда Ингушетиянын баш калаасы Магаста куралчан эки киши автоунаасы менен полиция кызматкерин тебелетип кетип, андан соң жол-кайгуул кызматынын башка офицерлерине бычак менен кол салган. Жергиликтүү бийлик бул окуяда полициянын бир өкүлү мерт болгонун, дагы үч киши жараат алганын ырастаган.

Кол салгандардын бири 18 жаштагы Микаил Мизиев окуя болгон жерде өлтүрүлгөн. Экинчи шектүү 23 жаштагы Ахмед Имагожев жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ингушетиянын лидери Махмуд-Али Калиматов "жаңы жыл түнү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жетиштүү чара көргөн жок" деп полицияны сындаган.

XS
SM
MD
LG