Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:22

Акын, котормочу Мукан Асаналиев дүйнө салды


Мукан Асаналиев.
Мукан Асаналиев.

Акын, котормочу Мукан Асаналиев 2-январда 72 жашында дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун жакындары билдирди.

Мукан Асаналиев кыргыз акындарынын ырларын англис, орус тилдерине которгон. Ошондой эле чет элдик акындардын чыгармаларын кыргыз тилине оодарган таланттуу котормочу катары белгилүү эле. Ал Байрондун ырларын кыргыз тилине, кыргыз акындарынан Алыкул, Мидин, Байдылдадан баштап сексенге чукул акын-жазуучунун чыгармаларын англис тилине которгон.

Мындан сырткары «Курманжан датка» көркөм фильмин англис тилинде сүйлөткөн. Маалыматка караганда, акын жүрөк оорусунан улам күтүүсүз дүйнөдөн өттү. Сөөгү 4-январда Жумгал районунун Кызыл- Жылдыз айылында жерге берилет. (ZA)

XS
SM
MD
LG