Кыргызстанда сасык тумоого чалдыгып ооруканага кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев «Азаттык» радиосуна билдирди.
- 665 адам кайрылып, 155и биздин ооруканага жаткырылды. Алардын көбү сасык тумоо жана дем алуу органдарынын курч мүнөздөгү вирустук инфекциясына даттангандар, - деди Алиев.
Саламаттык сактоо министрлиги шейшемби күнү сасык тумоого кабылгандардын саны 5,5 пайызга өскөнүн, ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар экенин кабарлаган.
Министрликтин маалыматына караганда, жалпысынан эпидемиологиялык абал туруктуу, сасык тумоологондордун саны адатта ушул мезгилде көбөйүп турат.
Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасы 400 орунга эсептелген, алардын баары учурда толуп, батпагандар коридордо жатат. Бирок баары тең тиешелүү медициналык жардам алууда. (BTo)