Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстанга 28 миң 326 автоунаа ташылып келинди. Машине октябрь, ноябрь жана декабрь айларында, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган автоунаалардын бажы төлөмү көтөрүлөрдүн алдында көп алып келинген.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Военно-Антоновка айылында жана Аламедин станциясындагы автотранспортту бажылык тариздөө жайлары 24 саат иштеп, банктар бажы төлөмдөрүн саат 21:00гө чейин алышканы айтылат.
Андан тышкары автоунаасын Кыргызстанга киргизүүгө жетишпей калгандардын ичинен 129 адам автоунаасы өлкөгө кире электе эле декларация толтурушту.
Ушул жылдын 1-январынан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымы кескин көбөйдү.
Былтыр 18-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын жеңилдетилген баа менен сактап турууну өтүнүп, бирок союздаштар аны колдогон эмес.
Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы жайда кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. (BTo)