Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Ташкентте колдо жасалган пиротехника өспүрүмдүн өмүрүн алды


Өзбекстандын Ташкент облусунда колдо жасалган пиротехникалык каражат 8-класста окуган баланын өмүрүн кыйды. Жергиликтүү басылмалар Ички иштер министрлигине таянып билдиргендей, окуя 1-январда Чиназ районунда болгон.

Күкүрт жана магма кошулуп жасалган пиротехниканы 20 жаштын тегерегиндеги жигиттер темир куурдун ичине салып жардырышкан. Куур учуп келип ошол жерде жүргөн өспүрүмгө тийген. Ал ооруканада көз жумган.

Милиция пиротехника жардырган үч кишини кармады. Окуя Кылмыш кодексинин 250-1-беренесинин үчүнчү бөлүгү (адам өлүмүнө себеп болгон болгон пиротехникалык буюмдарды мыйзамга каршы колдонуу) менен иликтене баштады.

XS
SM
MD
LG