Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» элиталык аскердик бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани өлтүрүлдү. Чет өлкөдөгү атайын операцияларга жооптуу генерал жума күнү Багдад эл аралык аэропортуна жасалган аба соккусунда каза болду.
Бул тууралуу биринчилерден болуп Ирактын мамлекеттик телеканалы кабарлады. Пентагондун өкүлү бул АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен ишке ашырылган аскерий операция болгонун ырастады.
Касем Сулейман менен бирге «Элдик мобилизация күчтөрү» кошуунунун өкүлү Абу Махди ал-Мухандис да өлтүрүлдү. «Associated Press» агенттиги жеке булактарына таянып Сулеймани түшкөн учакка Багдад эл аралык аэропортуна конгон учурда сокку урулганын жазды. Агенттиктин маалыматы боюнча ал Ливан же Сириядан келаткан.
Касем Сулеймани Ислам революциясынын сакчылар корпусунун эң таасирдүү командирлеринин бири болгон. (BTo)