Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

Президенттин сайты иштебей жатат


Кыргызстандын мамлекет башчысынын ишмердигин чагылдырган, жарлыктар жана башка документтер жарыяланып турган president.kg сайты иштебей калды. Сайт 2-январдан бери ачылбай жатат. Буга азырынча расмий түшүндүрмө берилген жок.

Экономика министрлигинин сайты да (mineconom.gov.kg) ачылбай турат.

Анын алдында Тышкы иштер министрлигинин (mfa.gov.kg) жана Ички иштер министрлигинин (mvd.gov.kg) сайттары да иштебей, бир аздан соң оңдолгон.

KG домендерди тейлеген «Азия инфо» компаниясынын оператору сайттардын иштешинде маселе жаралганын, аны жөнгө салууга аракет кылып жатышканын билдирген.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга караганда өкмөттүк бир катар сайттар 2001-жылдын 16-январь күнү катталган. Анын мөөнөтү 2011-жылы 2020-жылдын 1-январына чейин узартылган. Айрымдар сайттардын ишинде маселе жаралганын домендин мөөнөтү узартылбай калгандыгы менен байланыштырган.

2019-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы" болгон.

2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG