Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Президенттик аппарат мамлекет башчынын сайты оңдолгонун билдирди


Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчынын ишмердигин чагылдырган president.kg сайты оңдолгонун 3-январда билдирди.

"Азаттыктын" кабарчылары бир канча жерден сайтка кирүүгө аракет кылды, бирок дагы эле ачылбай жатат.

- Азыркы убакта айрым интернет- провайдерлерде DNS-жазуулары жаңылана электигине байланыштуу president.kg сайтына кирүүдө тоскоолдуктар жаралууда, - деп түшүндүрдү​ президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү:​

Кыргызстандын мамлекет башчысынын ишмердигин чагылдырган, жарлыктар жана башка документтер жарыяланып турган president.kg сайты 2-январда иштебей калган.

Анын алдында Тышкы иштер министрлигинин (mfa.gov.kg) жана Ички иштер министрлигинин (mvd.gov.kg) сайттары да иштебей, бир аздан соң оңдолгон. Экономика министрлигинин сайты (mineconom.gov.kg) ачылбай турат.

KG домендерди тейлеген «Азия инфо» компаниясынын оператору сайттардын иштешинде маселе жаралганын, аны жөнгө салууга аракет кылып жатканын билдирген.

Интернеттеги ачык булактардагы маалыматтарга караганда өкмөттүк бир катар сайттар 2001-жылдын 16-январь күнү катталган. Анын мөөнөтү 2011-жылы 2020-жылдын 1-январына чейин узартылган. Айрымдар сайттардын ишинде маселе жаралганын домендин мөөнөтү узартылбай калганы менен байланыштырган.

2019-жыл Кыргызстанда «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы" деп жарыяланган.

2020-жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG