Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 07:31

Ошто көчөдөн табылган кичинекей кыздын жакындары изделүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында 2019-жылдын 29-декабрында көчөдөн табылган кичинекей кыздын жакындары изделип жатат.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, кыз болжол менен эки жашта. Турпаты славян тектүүлөргө окшойт.

Ал Навои көчөсү менен Курманжан Датка көчөлөрү кесилишкен жердеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан түн жарымда табылган. Жергиликтүүлөр "Тез жардамга" кабарлап, андан соң милицияга маалымат беришкен. Учурда реаблитациялык борбордо адистердин көзөмөлүндө. Саламаттыгы жакшы.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, милиция кыздын жакындарын издей баштады.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG