Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:05

Бийлик 2020-жылы ички миграцияны азайтууга аракет жасайт


Кыргыз бийлиги 2020-жылы өсүп келаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Анын ичинде балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтууга аракет жасалат.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 3-январда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алганда айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент менен премьер-министр 2019-жылдын жыйынтыгын жана 2020-жылга пландарды талкуулады.

Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Президент белгилеп өткөн бардык багыттарды ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө экенин айтты.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG