Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Аба ырайы: 4-январда кар жаайт


4-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Айрым аймактарга туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 2...7,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -6...-11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус болот.

XS
SM
MD
LG